Фарид Ниязовдун 3 жылга жакын камактан кийинки эркиндиктеги видеосу чыкты (видео)

Бүгүн, 28-июнь күнү Биринчи Май райондук соту Октябрь окуясына байланыштуу президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду актады. 3 жылга жакын камакта болгон Фарид Ниязовдун эркиндиктеги алгачкы видеосу коомчулукка жарыяланды.

Буга чейин анын жактоочусу бир нече ирет оор дартына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп келген, бирок андан майнап чыккан эмес болчу.