«Фаворит Премьер» курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкектин тургуну (аял киши) кайрылып, аны аял киши алдап кеткенин билдирген. Шектүү 2016-жылы «Фаворит Премьер» ЖЧКнын Чүй проспектисиндеги офисинде 38 миң долларга «Грин Вилла» коттеджин куруп берүүнү убадалаган. Бирок сураган акчасын алгандан кийин буюртманы аткарбай, 38 миң долларды өзүнүн муктаждыктарына короткон.

Аталган факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташкан. Анын 1972-жылы туулган аял киши экени аныкталган. Аны милиция бөлүмүнө алып келип, убактылуу кармоочу жайга камакка алышкан.