Фейсбукта Акын Демократ деп таанылган Марат Баязов 2 айга камакта калтырылды

26-октябрда Фейсбукта Акын Демократ деп таанылган Марат Баязов аттуу жаран милицияда сурак берген, бирок Чүй ОИИБ кайсы иш боюнча сурак берип жатканын айтышкан эмес.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден кечээ, 27-октябрда анын кармалганын тастыктап, 48 саат убактылуу кармоочу жайда болорун айтышкан. Бүгүн, 28-октябрда Биринчи Май райондук сотунан анын 2 айга камакка алынганын билдиришти. Маалыматка караганда, ал 20-декабрга чейин №21 мекемеде болот.