Филиппинде наркосиндикат менен байланышы бар деген шек менен кыргызстандык кармалды

Филиппиндин иммиграция бюросу өлкөдө мыйзамсыз жүргөн (жүрүү мөөнөтү ашып кеткен) жана баңги аткезчилигине катыштыгы бар деген шек менен кыргызстандык кармалганын билдирди.

Кыргыз жараны Тагиг шаарындагы Багонг Дива убактылуу кармоочу лагерге киргизилген. Ал депортацияланганга чейин ал жакта болот.

Филиппиндин Иммиграция бюросунун качкындар бөлүмү 23-июлда Макати шаарында 29 жаштагы кыргызстандык аялды батыш африкалык баңги синдикаты менен байланышы бар деген шек менен кармаган. Буга чейин кыргызстандык аялга өлкөдө узак мөөнөткө мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн депортациялоо иши козголгон. 2023-жылы ноябрда Иммиграция бюросунунун кеңеши аны депортациялоону жана Филиппинге кайра кирүүгө тыюу салган кара тизмеге киргизүүнү буйруган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран ал өлкөгө акыркы жолу 2018-жылдын 4-октябрында барып, ошол боюнча чыккан эмес. Ал өлкөдө болуу мөөнөтүн мыйзамдуу түрдө узартуу үчүн виза да сураган эмес.