Финпол «Унаа» мамлекеттик ишканасында тинтүү жүргүздү

Бишкекте бүгүн спецназдын коштоосунда Финполдун кызматкерлери “Унаа” мамлекеттик ишканасында тинтүү жүргүзүп, бир канча кызматкерлерин кармашты. Мындай маалыматты Финансылык полициядан таратышты. Алар айдоочулук күбөлүк алууга келген жарандардан пара талап кылууга шектелишүүдө. Маалыматка ылайык, ишкана менен автомектептердин кызматкерлери тымызын сүйлөшүп алып, айдоочулук күбөлүк алган ар бир жарандан 5 миң сом алып турушкан. “Унаа” ишканасында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка келген адамдардын саны күнүнө жүзгө чейин жетет.

Ал эми Каттоо кызматынан “Унаа” мекемесинин кызматкерлеринен акча табылбаганын жана кызматкерлер кармалышты делген маалымат тастыкталбаганын билдиришти. “Бирок Бишкектеги автомектептердин биринин өкүлүнөн акча табылган жана ал кармалган”, — дешти Каттоо кызматынан.