Финпол дагы Муфтиятка кылмыш ишин козгоду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан да кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финполго өткөн жылдын декабрь айында эле Аалымдар кеңеши тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча арыз түшкөн.

Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен катталды.

Белгилей кетсек, учурда Муфтияттагы иштерди өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да териштирип жатат.

Эске салсак, буга чейин УКМК муфтияттын кызматкерлери зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгын аныктап, мекеменин башкы эсепчисин жана экс-муфтий Максат Токтомушевди кармаган болчу. Экс-муфтий эч кайда кетпөө тил каты менен үйүнө чыгарылып, ал эми эсепчи камакка алынган.