Финполдун мурдагы жетекчиси апрелге чейин камакта болот

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Бакир Таировду 2-апрелге чейин камакта калтырды. 28-январда кабыл алынган соттун чечими менен ал УКМКнын абагында кармалат.

Буга чейин Таиров УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мыйзамсыз ири суммадагы акча алууга шектелип кармалган.