«Фондулук биржага инвестициялайбыз» деп жаранды 65 миң долларга алдаган шектүү кармалды

Бишкекте жаранды «фондулук биржага акча каражатын инвестициялайбыз» деп ишендирип, жалпы суммасы 65 миң долларын алдап алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБДин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБге 18-февралда Е.П. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран узак убакыт бою «Телеграм» мессенджериндеги «Newmar Group» тобунан жазып, ишеничине киргенин жазат. Аны фондулук брокеринин ортомчулугу менен фондулук биржага акча каражатын инвестициялайбыз деп ишендирген. Жалпы суммасы 65 миң долларын алдап алган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1993-жылы туулган К.Б. аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тинтүү учурунда, 1 блог СИМ-бокс 32 ячейкасы бар, 6-USB флеш-топтогуч, Wi-Fi роутер, 9-банктык карталар жана ноутбук табылып алынган.

Тергөө иштери улантылууда.