Францияга виза алып берүү үчүн 8400 доллар… Алдамчылыкка шектүү кармалды

Чет өлкөлүк жаран «Интерпол SOS» өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз менен кайрылган. Анда, Францияга баруу үчүн туристтик виза алуу шылтоосу менен Telegram каналын колдонуп, 8400 доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алышкан. Мындан тышкары которуу системасы аркылуу 11 833 сом өлчөмүндө экинчи төлөм жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин өкүлдөр убадаларын аткарбай, байланышка чыкпай жатышкандыгын билдирген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Маалымат алуу, материалдык далилдерди чогултуу жана окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-техникалык жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүү 1992-жылы туулган К.З. аныкталып, кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө К.З. аттуу жаран күнөөсүн мойнуна алып, андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Ички иштер министрлиги эскертет:
-Эч качан бейтааныш, текшерилбеген адамдарга телефон же интернет аянтчалары аркылуу жеке маалыматтарды же банктык маалыматты бербеңиз. Эгерде сизге шектүү чакыруу же билдирүү келип түшсө, ага көңүл бурбай же милицияга кабарлаганыңыз оң;
-Текшерилбеген булактарга акча которууларды жасабаңыз.