«Фрима» кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды

«Фрима” кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу бүгун, 26-январда Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каржы полициясы детективдик агенттик менен биргеликте жасалма «Фрима» крем-порошок өнүмдөрүн өнөр жай көлөмүндө чыгаруучу жер астындагы цехти аныктаган. Цех борбордогу базарлардын биринин аймагында жайгашып, андан чыккан продукция антисанитардык шартта жасалган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 218-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.