Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция иш алып барууда

Бүгүн, 20-сентябрда саат 15:00 чамасында милицияга Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, айтылган жерге райондук милиция жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. Укук коргоочулар заводдо болгон жарандарды эвакуациялап, ошондой эле аймакты курчоого алышты. Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлери да аталган аймакка барды. Учурда күч органдары издөө жана текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.