Фуранын үстүнө кулаган фура. «Айдоочулар уктап калган болушу мүмкүн» дейт милиция

Кечээ, 20-январда социалдык тармактарда фуранын үстүнө кулаган фуранын видеосу тараган. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат беришти.

20-январда саат 05:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун ГЭС-5 аймагында эки чоң жүк тушуучу унаалардын айдоочулары бара жатып, жолдун оң жагына чыгып, оң жагына жыгылып калышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочулар уктап калышы мүмкүн деген божомол болууда. Азыркы учурда себеби такталууда.