«Гашиш, бычак, спирт ичимдиктери…» Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинен дагы эмнелер табылды?

10-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 мекемесинде пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 килограмм баңгизаттар (героин, гашиш, марихуана) табылып алынды. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Мындан тышкары, ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор — 24 даана, тешүүчү жана кесүүчү буюмдар — 63 даана, алкоголдук ичимдиктер — 3,5 литр, маш — 275,5 литр жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар табылган.

Табылган тыюу салынган заттар жана буюмдар боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан тийиштүү болгон тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.