10-ноябрда саат 22:45 чамасында “Гавайи” эс алуу жайында М. аттуу кызды мурдагы күйөсү сабап, күч колдонуу менен авто унаага салып, белгисиз тарапка качып кетти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Бул факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары «Audi» үлгүсүндөгү авто унаанын 1993-жылы туулган М.Р. аттуу айдоочусун кармашып, андын ары тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришти.