Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт камакка алынды

Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал 2025-жылдын 4-февралына чейин камакта болот. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда, бирок УКМК расмий маалымат бере элек.