Германиядан Кыргызстанга келген кишинин ашказанынан 50 таңгак баңгизат табылды (видео)

Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Германиядан Кыргызстанга Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен 1986-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган жаран Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына баңгизатты алып келген. Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталган.

Жаран Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 долларга чейин жетет. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.