Гранатомёт капыстан жарылып, «Альфанын» жоокери реанимацияда жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн полигонунда кырсык болду. Анда машыгуу учурунда автоматтык гранатомёт жарылып, бир аскер жаракат алды. Бул тууралуу коопсуздук органдарынын кызматкерлери кабарлашты.

Алардын айтымында, кечээ, 2-апрелде «Ала-Тоо» аскер полигонунда ок атуу практикасы учурунда, автоматтык гранатомёт куралдан ок атуу учурунда УКМКнын «Альфа» атайын даярдыктагы тобунун кызматкери жаракат алган. Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча, курал заводдун мүчүлүштүгүнөн улам жарылып кеткен. Мындан жабыркаган жоокер учурда оор жаракат алып, реанимацияда жатат.