Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камакка алынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалганы белгилүү болду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, райондук сот мындай чечимди 30-декабрда чыгарган. Анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Аны Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө тил каты менен 4-декбарга чейин бошоткон болчу.