Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти “И.А.Х.” кармалды. Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань”) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30 пайызы) аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Ахрор Иминов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттө солдон биринчи.