Гүлдөй эле… Баткенде жаран чакага кара куурай өстүрүүгө шектелип кармалды

Үйүндө чакага баңги өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын 65 жаштагы тургуну жашаган үйүндө 3 чакага баңги өсүмдүгүн өстүрүп жүргөнүн аныктап, кармаган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык өсүмдүк баңгизаттын канабис түрү экендиги аныкталып, анын салмагы 300 граммга жакын экендиги белгилүү болду. Учурда бул иш боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.