Гүлчөдө 71 жаштагы аял дайынсыз жоголуп, анын кийимдери сайдын жанынан табылды

12-январь күнү 71 жаштагы Гүлчө айылынын тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Айылдыктар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдери Гүлчө суусунун жээгинен табылды. Бүгүн, 14-январда ал жерге издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн 20 милиция кызматкери жана 5 куткаруучу тартылды.