Гүлчөдө дайынсыз жоголуп, кийимдери сайдын жанында жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 18-январда издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу, 15 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до жоголгон аялдын жансыз денеси суудан табылды. Ал кийин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгенин ӨКМден маалымдашты.

12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну болгон 71 жаштагы аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан.