Гүлзат Мамытбек дагы ачкачылык жарыялады. Ага камерада чогуу отургандар да кошулду

Алдамчылыкка шектелип жаткан блогер Гүлзат Мамытбек СИЗО-1де ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) жана аны менен кошо камерада отурган алты жарандан абактын кызматкерлери тарабынан катаал мамилесине каршы жана кармоо шарттарына байланыштуу ачкачылык жарыялашканы тууралуу маалымат түшкөн. Улуттук борбор блогердин катын прокуратурага жөнөттү.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Ал кыйноолорду алдын алуу борборуна 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганын айткан. Бул ачкачылык акциясын 23-ноябрда токтоткон