Хабаровскто октон жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор. Видео

Социалдык тармактарда тарап жаткан Хабаровск шаарында Кыргызстандан барган эмгек мигрантын кармоо учурунда полиция кызматкерлери ок чыгарган видео боюнча Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти.

24-августта Хабаровскто автобекеттин аймагында рейд учурунда Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан 2003-жылы туулган Кыргыз жараны С.Р.нын уруксат кагаздарын текшерүүгө аракет кылган учурда, ал унаасы менен качып кетүүгө аракет кылып, укук коргоо органдын кызматкерин сүзүп кеткен. Аталган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында курал колдонулуп, натыйжада Кыргыз жараны октон жаракат алып, камакка алынган. Азыркы учурда ал оор абалда ооруканада жатат.

Бул факты боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин Хабаровск аймагы боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренесинин (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн С.Р.нын жакындары менен байланыш түзүштү.