Honda Fit унаасын ижарага берем деп 15 миң сом алып… Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

5-июнда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге жаран Н.М. арыз менен кайрылып, өзүн «С» деп тааныштырган белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүндү. Анын айтымында, 26-май күнү ал жаран ишенимге кирип, алдамчылык жол менен такси кызматында иштөө үчүн Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ижарага берем деген шылтоо менен 15 миң сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип,  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу дагы бир кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Урматтуу жарандар, эгерде сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 0 700 050 505, 0 701 644 403 же 102.