«Ич кийимине катып». Түзөтүү мекемесине баңгизат алып кирүүгө аракет кылышкан

Түзөтүү мекемесине баңгизатты ич кийимине салып киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, аял №16 түзөтүү мекемесине баңгизат алып кирүүгө аракет кылган. «Сырттан кароо жүргүзүлгөндө аялдын ич кийимине кылдаттык менен катылган шектүү зат табылган. Контролдук таразага тартуу учурунда кармалган заттын жалпы салмагы 2.64 граммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул зат баңгизат деп табылды.  Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыштын дагы бир шериги кармалды. Бул факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат»,— деп айтылат маалыматта.