«Ичимдик ичип отуруп, сергүү үчүн сууга түшкөн». Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп, көз жумду

Баткенде 56 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан билдиришти.

Кечээ, 28-июнь күнү Ак-Турпак айылынын 63 жаштагы тургундун бузулган тракторун 56 жаштагы айылдашы менен чогуу оңдоп бүтүп, Өзбекстандын Чоң-Кара айылында жайгашкан тамактануучу жайга барып тамактанып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Тамактанган соң 56 жаштагы жаран бир аз сергүү максатында чайханадан 450-500 метр алыстыктагы Кожошкен дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон. Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда кишинин чечип койгон кийимдери менен телефонун көрүп, милицияга кабар берген. Окуя болгон жер Өзбекстанга караштуу болгондуктан Риштан РИИБдин милиция кызматкерлери барып, издөө иштерин жүргүзө баштаган.

Аталган окуя боюнча Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, Баткен райондук ӨКМ кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, 29-июнь күнү эрте менен саат 7:00 чамасында 56 жаштагы жарандын жансыз денеси Кожошкен дарыясынан табылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Бирок маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.