«Ичимдик ичип отуруп, уруша кетишкен». Чүйдө 42 жаштагы аялдын өлүмүнө 37 жаштагы киши шектелип жатат

Сокулук районунда аял кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-август күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Сокулук РИИБге Селекция айылында аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул фактынын негизинде Сокулук РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Териштирүү учурунда анын 1979-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракттары бар экени билинген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБ менен Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 37 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда ичимдик ичип отурушуп, кылмышка шектүү жаран менен каза болгон аялдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен. Жыйынтыгында 42 жаштагы аял каза болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.