Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу тастыктады.
Анын айтымында, Асанов Жазык кодексинин 309-беренесинде каралган кылмыш иштин (бийликти күч менен басып алуу) алкагында кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал бүгүн ИИМге сурак берүү үчүн барган.
Буга чейин да Курсан Асанов 5-октябрда массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу. Кийин аны прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыгарышкан. Ал Кой-Таш окуялары боюнча да кылмыш иштин фигуранты.