Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу тастыктады.

Анын айтымында, Асанов Жазык кодексинин 309-беренесинде каралган кылмыш иштин (бийликти күч менен басып алуу) алкагында кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал бүгүн ИИМге сурак берүү үчүн барган.

Буга чейин да Курсан Асанов 5-октябрда массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу. Кийин аны прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыгарышкан. Ал Кой-Таш окуялары боюнча да кылмыш иштин фигуранты.