Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси кармалды

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси, Ош облусунун прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору Улукбек Өмүрзаков кармалды. Ал көмүр кенин рейдерлик басып алууну уюштурууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагына барган иш сапарында тургундардын бири Өмүрзаковдордун үй-бүлөсү Ошту басып алган деп арызданган эле. Мындан улам УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтөө баштаган.

Улукбек Өмүрзаковдон тышкары ага жакын болгон жана рейдерлик басып алууга тиешеси бар делинген 4 адам кармалган. «Алар «Жолчырак» ЖЧКсынын көмүр карьерине кирип, ишкананын жумушчуларын чыгарып коюшкан. Техниканы тартып алышып, 82 миллион сомдон ашуун көмүрдү казып алып, сатышкан. Алар жергиликтүү бийликтин бир канча эскертүүлөрүнө реакция да кылышкан эмес», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.