Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов камакка алынды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү (имаратты басып алуу) менен айыпталып жатат. Жактоочу ИИМдин имараты жөнүндө сөз болуп жатканын божомолдоду.

Курсан Асановду ИИМдин Тергөө кызматы кармап, Бишкек ШИИББинин абагына киргизген.

Октябрдын башындагы башаламандыктан кийин Асанов өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялап, бул тармакты көзөмөлдөп баштаган болчу.