«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин жетекчисине сот өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарганын “Азаттык” жазды.

Маалыматка караганда судья кооперативдин башчысын 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирген. Кооперативдин дагы бир кызматкери 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.

ИИМ Жазык кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш ишин козгогон. Март айынын башынан бери Кыргызстандын булуң-бурчунан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан арыздар түшкөн. ИИМдин маалыматы боюнча, жабырлануучулар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле мүлктүн баштапкы төгүмдөрдү — 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө төлөшкөн.

13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалган. Келтирилген зыяндын көлөмү ошол учурда 121 миллион сомдон ашуун акча каражаты экени айтылган.