ИИМ: «Айт айт десе» жана «Temirov Live» массалык баш аламандыкка чакыргандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы соцбаракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык «Айт айт десе», «Temirov Live» аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда.

Буга чейин бүгүн, 16-январда таңкы саат 6дан тартып бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылып, айрымдарынын кармалганы да маалымдалган.