ИИМ Академиясынын 19 жаштагы курсантын өлтүрө сүзгөн деген айдоочу үй камагына чыкты. Маалыматты Свердлов райондук сотунан тастыкташты.
«Айыпталуучунун 5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылган», — дешти.
9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кыз Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.