ИИМ: «Алдамчылыкка, каракчылыкка шектелгендер жана алимент төлөбөй качып жүргөндөр кармалды»

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, 1990-жылы туулган Чүй облусунун тургуну кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмүндө (эски редакция) (алдын ала макулдашып алуу менен жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2021-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Шектүүгө Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү издөө жарыялаган. 2011-жылы ал өзүнүн шериктештери менен Сокулук районунда түн ичинде үйгө кирип, үй ээлерин сабашкан. Аларды коркутуп, 100 миң сом акча каражатын тартып алышкан.

Ошондой эле, 1952-жылы туулган Ош облусунун тургуну (аял киши) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн. 2016-жылдан баштап мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Андан тышкары, 1979-жылы туулган Талас облусунун тургуну кармалды. Ал 2020-жылдын декабрь айынан баштап Талас районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан балдарын багууга акча каражатын төлөбөгөндүгү үчүн (алимент) издөөдө жүргөн.

Кармалган жарандарды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилип жатат.