ИИМ: «Алмаз Сарыбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди»

15-сентябрда «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ага Жазык кодексинин 309-беренесине (бийликти күч менен басып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 14-сентябрда дал ушул кине менен Курсан Асановдун кармалганын эске салышты.

«Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармактарга жарыяланган жана аны адвокат Таалайгүл Токтакунова фейк деген. Кечээ, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев социалдык тармактагы баракчасына уулун УКМКнын кызматкерлери үйүн тинтиген соң суракка алып кеткенин жазган.