ИИМ Аспековдун кайрылуусу боюнча териштирүү иштерин баштады

«Facebook» социалдык тармагында Мелис Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы президенттин 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алгандыгын, акча каражатын Кыргызстандын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

14-май күнү бул факты каттоого алынып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. «Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.