ИИМ: Бийликти мыйзамсыз басып алууга шектүүлөр кармалууда

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.