ИИМ: “Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алууга шектелүүдө”

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада 110 миң доллар пара алуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.