ИИМ: «Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады»

Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден тастыкташты.

Бүгүн, 17-майда Ысык-Атадагы Дмитриевка айылында ок атышуу болгонун, анын үнү Кантка чейин жеткени маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги атышуудан күч органдарынын 2 кызматкери жаракат алганын билдирген. Кийин ИИМ маалымат таратып, террорист жок кылынганын жарыялады. Муфтият маалымат таратып, айылдагы медресе курчоого алынганын төгүнгө чыгарды.