ИИМ «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөлдү кармоого багыттык маалымкат бербегенин билдирди

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соцтармактарга «ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча багыттык маалымкаты» деп тараган документтин юридикалык күчкө ээ эмес экенин билдирди.

ИИМдин маалымат катчысы Тилек Оторов журналисттерге кагазда каттоо номери жана министрдин орун басарынын колу коюлган эместигин, ошондуктан документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтты.

8-июль күнү кримтөбөл «Чыңгыз Дөө» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун унаасына карата ок чыгарылганы тууралуу маалымдалган. Ал арада ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин атынан жазылган делген багыттык маалымкаттын сүрөтү жазылган. Аталган окуя боюнча УКМК үн катып, Жумагулов менен ок атышуу болбогондугун билдирген.