Ички иштер министрлиги кемсинткен сөздөрдү камтыган видеонун таралышы боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады.
Социалдык тармактарда белгилүү мушкер Дмиртрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволдун унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.
«Мындай аракеттер улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет. Ар бир жаран адеп жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү. Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.