ИИМ: «Эки адамды өлтүрүүгө шектүү үйгө кантип киргенин, кантип өлтүргөнүн айтып берип жатат»

Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов Бишкектин Ак-Ордо 3 конушундагы үйдө эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди.

«Кылмыш иши министрдин көзөмөлүндө. Коопсуз өлкөнүн камералары аркылуу шектүү кармалды. Далилдер алынып жатат. Үйгө жылаңаяк кирген экен. Кан болгондо издери калыптыр. Бутунун өлчөмү дал келип жатат. Кантип чаап, кантип өлтүргөнүн, кантип киргенин, андан кийин каякка барганын айтып берип жатат»,- деди ал.