ИИМ: «Ихсан» турак жай кооперативи бүгүнкү күндө ишин улантып жатат»

Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп” турак жай курулуш кооперативинин ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп» коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

17-ноябрда “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкери тергөөгө келүүдөн баш тартып качып кеткендигине байланыштуу ага карата ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 396 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы сырттан угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрү сырттан тандалып, ага карата издөө жарыяланган.

Ал эми 2022-жылдын декабрь айында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери жалпы төрт жүздөн ашык факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбтары угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн төрт жүздөн ашык факты боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш фактылар боюнча жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

«Ихсан групп ЛТД» кооперативине карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби, келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон. Бүгүнкү күндө «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү жана ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө.

Аталган «Ихсан Групп ЛТД» комерциялык эмес турак жай кооперативинин баардык банктык эсебине камак (арест) салынып, тергөө иштери ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.