ИИМ издөө салган кыргыз жарандары Москвадан табылды

Кыргызстанда кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жарандар Москвадан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандардын бири — Талас облусунун 30 жаштагы тургуну. Ал «алдамчылык» беренеси менен катталган кылмыш иши боюнча 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Учурда кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилип, 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Экинчи жаран — Ош облусунун 44 жаштагы тургуну, ал Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык кылганы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилип, 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Дагы бир кармалган жаран Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну. Ал Сокулук районунун ички
иштер бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмүндө (Зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаранды издөө алган тарапка кабарлама берилди.

Ысык-Көл облусунун 41 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер
башкармалыгы тарабынан «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Талас облусунун 44 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер
башкармалыгы тарабынан «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча 1998-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөөгө алган тарап кабарланды.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар бул аралыкта Орусия Федерациясынын аймагында жашырынып жүрүшкөн. Аларды компетенттүү органдарга өткөрүп берүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилүүдө.