Жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун басымдуу бөлүгүн алардын жакындары жасайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер. Ал жалпысынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка токтолуп, ушул жылдын 4 айынын статистикасын былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырып, көрсөткүчтөр 500дөн ашык фактыга азайганын айтты.