ИИМ: “Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат”

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектүү катары кармалып, баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1 миллион доллар алган факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 20-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына жаран кайрылып, Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арыз жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп, 1 миллион долларын алып бербей койгондугун билдирген. 1-октябрда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 24-январда кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.