ИИМ: «Журналист Санрабия Сатыбалдиева опузалап талап кылганы үчүн кармалды»

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Мир 24.kg» маалымат агенттигинин башкы директору Санрабия Сатыбалдиева эмне үчүн кармалганы тууралуу маалымат берди. Буга чейин «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова кош бойлуу Санрабия Сатыбалдиева кармалгандан кийин ооруп, ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бир катар адамдар Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардагы аудиожазуусун соцтармакка жарыялоо менен опузалап, акча талап кылышкан. ИИМден Сатыбалдиеванын депутат Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп иштерин да билдиришти.

Кечээ, 3-ноябрда Сатыбалдиева «Мир24.kg» редакциясынын оператору жана «Жорго таксинин» айдоочусу болгон Өзбекстандын жараны менен 2 миң долларды алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан.