ИИМ журналист Санрабия Сатыбалдиеваны кармоо учурунан видео жарыялады

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Мир 24.kg» маалымат агенттигинин башкы директору Санрабия Сатыбалдиеваны кармоо учурунун видео жарыялады.

Буга чейин «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова кош бойлуу Санрабия Сатыбалдиева кармалгандан кийин ооруп, ооруканага жеткирилгенин билдирген.